Филиппинде “Калмаэги” тайфунунун кесепетинен 52 адам каза болду
05.11.25 | 11:20
Филиппиндин борбордук бөлүгүн каптаган “Калмаэги” (жергиликтүү аталышы — “Тино”) тайфунунун кесепетинен 52 адамдын өмүрү кыйылды. Бул тууралуу өлкөнүн жарандык коргонуу башкармалыгынын өкүлү Жуни Кастильо билдиргенин Inquirer гезити жазды.
Маалыматка ылайык, 13 адам изделүүдө, ал эми каза болгондордун көпчүлүгү Борбордук Висайя аймагынан табылган. Кастильонун айтымында, бардык учурлар азырынча расмий түрдө такталып жатат.
Табигый кырсыктын натыйжасында болжол менен 387 миң адам эвакуацияланган.
Редактор
Редактор
Поделиться: