Ошто 350 миң сом пара алган жактоочу кармалды
Ош шаарында 350 миң сом пара алган жактоочу кармалды. Бул тууралуу УКМК маалымдады.
Маалыматка ылайык, А.Г. аттуу жаран С.Н.С. аттуу жактоочуга карата чара көрүү өтүнүчү менен атайын кызматка кайрылган.
Тергөө материалдарына ылайык, С.Н.С. жактоочу катары кесиптик милдеттерин аткаруу учурунда арыз ээсине юридикалык жардам көрсөтүп, анын ишенимине кирип, Ош шаардык сотунда каралган кылмыш ишин оң чечүүгө таасир этүүгө мүмкүнчүлүгү бар экенин айтып алдап пара талап кылган.
Адвокат пробация түрүндөгү жазаны колдонууга же жашы жете элек баласы бар экендигине байланыштуу маселени кийинкиге калтырууга көмөк көрсөтүүнү убадалап, 350 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын алган.
УКМК тарабынан кылмыш иши козголуп, 3-ноябрда Ош шаардык сотунун имаратынан акча алгандан кийин жактоочу кармалган. Жеке тинтүүнүн жүрүшүндө ал алган акчаны өз ыктыяры менен берген.
Учурда жактоочу УКМКнын тергөө абагына киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.