Садыр Жапаров Каирде Египет президенти менен кеңейтилген сүйлөшүүлөрдү өткөрдү
Өлкө башчы Садыр Жапаров Египетке болгон расмий сапарынын алкагында Египеттин президенти Абдель Фаттах Ас-Сиси менен кеңейтилген форматта сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, жолугушууда Кыргызстан менен Египеттин кызматташтыгынын негизги багыттары — саясий диалогду өнүктүрүү, экономикалык жана инвестициялык өз ара аракеттенүү, ошондой эле эки жактуу кызыкчылыкты туудурган башка маселелер талкууланды.
Эки мамлекеттин башчылары эки тараптуу мамилелердин оң динамикасын жогору баалап, кызматташтыкты жаңы деңгээлге чыгарууга даяр экендиктерин билдиришти.
Президент Абдель Фаттах Ас-Сиси Садыр Жапаровду жылуу тосуп алып, Египет Кыргызстан менен достук мамилелерди өнүктүрүүгө чоң маани берерин белгиледи. Ал саясий диалогду чыңдоого жана практикалык кызматташтыкты тереңдетүүгө даярдыгын билдирди.
Өз кезегинде Садыр Жапаров Кыргызстандын эгемендүүлүгүн алгандан бери өлкө башчысы Африка континентине биринчи жолу иш сапар менен келип жатканын белгиледи. Ал ошондой эле Египеттин Жакынкы Чыгыштагы жана Африкадагы конструктивдүү ролун жогору баалады.
Мамлекет башчысы Каир шаарында Кыргызстандын Элчилигин ачуу чечими кабыл алынганын билдирди. Ошондой эле тараптар соода-экономикалык, инвестициялык жана илимий-техникалык кызматташтыкты кеңейтүүгө багытталган макулдашууларга кол коюуну жана Өкмөттөр аралык комиссия түзүүнү макулдашышты. Садыр Жапаров анын биринчи жыйынын Бишкекте өткөрүүнү сунуштады, ал эми Египет тарап бул демилгени колдоду.
Жапаров эки өлкөнүн БУУ, Ислам кызматташтык уюму жана ШКУ сыяктуу эл аралык уюмдардын алкагындагы активдүү өз ара аракетин белгиледи.
Өлкө башчысы Египет президенти Абдель Фаттах Ас-Сисини Кыргызстанга расмий сапар менен келип, 2026-жылдын күзүндө Бишкекте өтө турган ШКУ саммитине жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышууга чакырды.
Жолугушуунун соңунда тараптар Кыргызстан менен Египеттин ортосунда өз ара пайдалуу өнөктөштүктү өнүктүрүү үчүн чоң мүмкүнчүлүктөр бар экенин баса белгилешти.