Жарнама

Камчыбек Ташиев Эне жана баланы коргоо борборуна 35 млн сомдук медициналык жабдуу белекке берди

05.11.25 | 17:55
Камчыбек Ташиев Эне жана баланы коргоо борборуна 35 млн сомдук медициналык жабдуу белекке берди КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн, 5-ноябрда Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна барып, заманбап медициналык жабдууларды тапшырды. Бул тууралуу атайын кызмат кабарлады.

Маалыматка ылайык, борборго эндоскопиялык ультраүн изилдөө (ЭУИ) жана УЗИ аппараттарынан турган алты комплект жабдуу берилди. Бул максатта президенттин стабилдештирүү фондунан 35 миллион 100 миң сом бөлүнгөн.

Жолугушуу учурунда борбордун дарыгерлери Ташиевге ыраазычылык билдиришип, мекеме үчүн 180 орундуу унаа токтотуучу жай куруп берүү жана бир кызматтык унаа бөлүү өтүнүчүн айтышты.

Өз кезегинде Камчыбек Ташиев бул өтүнүчтөрдү колдоп, борбор үчүн бардык шарттарга ээ заманбап унаа токтотуучу жай курулуп, бир эмес, ар бир бөлүмгө бирден — жалпы 10 кызматтык унаа берилерин убада кылды.

Мындан тышкары УКМК төрагасы жакынкы убакта дагы кошумча медициналык жабдууларды сатып алуу пландаштырылып жатканын жана келечекте медицина кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу багытында иш жүрөрүн белгиледи.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча