Жарнама

Парламенттик шайлоодо ат салышуудан дагы 9 талапкер баш тартты

07.11.25 | 11:52
Парламенттик шайлоодо ат салышуудан дагы 9 талапкер баш тартты КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары
Борбордук шайлоо комиссиясы 6-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер катары өзүн-өзү көрсөткөн сегиз жарандын жана депутаттыкка катталган талапкердин шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу арыздарын карады.

Алар:
  • Нурбаев Бакытбек Токтосунович, №5 шайлоо округу;
  • Жаналиев Кенжебек Бектурович, №17 шайлоо округу;
  • Сапаров Жакшылык Каракойчиевич, №29 шайлоо округу;
  • Умарова Жылдыз Жалалбековна, №15 шайлоо округу;
  • Чолдоев Жалил Калыйжанович, №17 шайлоо округу;
  • Сабыржан уулу Самарбек, №8 шайлоо округу;
  • Мамытов Талант Токтобекович, №22 шайлоо округу;
  • Жоомартова Мадина Аскарбековна, №27 шайлоо округу;
  • Султанов Токтосун Султанович, №23 шайлоо округу.
БШК жогоруда аталган жарандардын арыздарын эске алып, №23 шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкер болуп катталган Токтосун Султановдун жана анын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн каттоосун жокко чыгарды. Ошондой эле Сабыржан уулу Самарбек менен Мамытов Талант Токтобековичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн каттоосу жокко чыгарылды.

Эске салсак, шайлоо ушул жылдын 30-ноябрына өтөт. Үгүт иштерине 10-ноябрда старт берилет.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча