Жогорку Кеңешке мөөнөтүнөн мурда шайлоого үгүт иштери башталды
Бүгүн, 10-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого карата үгүт иштери расмий түрдө башталды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы маалымдады.
Маалыматка ылайык, үгүт иштери бардык талапкерлерди каттоо мөөнөтү аяктаган күндөн тартып, добуш берүүгө 24 саат калганда — тактап айтканда, 29-ноябрь саат 08:00гө чейин уланат.
Шайлоо мөөнөтүнөн мурда өткөрүлүп жаткандыктан, жалпы шайлоо процессинин мөөнөтү үчтөн бирге кыскартылган. Натыйжада, үгүт жүргүзүүгө 20 күн гана берилди.
БШК берген маалыматка ылайык, шайлоого катышуу үчүн жалпы 467 талапкер катталган. Алардын ичинен 276сы эркек, 191и — аял талапкерлер.
10-ноябрдан баштап талапкерлер, саясий партиялар жана жарандар шайлоочуларды белгилүү талапкерлер үчүн же каршы добуш берүүгө чакырган ишмердикти жүргүзүүгө, программаларды ачык жана ар тараптуу талкуулоого укуктуу.