Жарнама

Жогорку Кеңешке мөөнөтүнөн мурда шайлоого үгүт иштери башталды

10.11.25 | 09:28
Жогорку Кеңешке мөөнөтүнөн мурда шайлоого үгүт иштери башталды КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Бүгүн, 10-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого карата үгүт иштери расмий түрдө башталды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы маалымдады.

Маалыматка ылайык, үгүт иштери бардык талапкерлерди каттоо мөөнөтү аяктаган күндөн тартып, добуш берүүгө 24 саат калганда — тактап айтканда, 29-ноябрь саат 08:00гө чейин уланат.

Шайлоо мөөнөтүнөн мурда өткөрүлүп жаткандыктан, жалпы шайлоо процессинин мөөнөтү үчтөн бирге кыскартылган. Натыйжада, үгүт жүргүзүүгө 20 күн гана берилди.

БШК берген маалыматка ылайык, шайлоого катышуу үчүн жалпы 467 талапкер катталган. Алардын ичинен 276сы эркек, 191и — аял талапкерлер.

10-ноябрдан баштап талапкерлер, саясий партиялар жана жарандар шайлоочуларды белгилүү талапкерлер үчүн же каршы добуш берүүгө чакырган ишмердикти жүргүзүүгө, программаларды ачык жана ар тараптуу талкуулоого укуктуу.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча