2026-жылы Орозо айт менен Нооруз майрамы бир күнгө туура келиши мүмкүн
2026-жылы мусулмандардын ыйык Орозо айт майрамы түрк элдеринин жаз майрамы — Нооруз менен бир күндө белгилениши мүмкүн. Бул тууралуу Казакстандын мусулмандар дин башкармалыгы жарыялаган диний календарда көрсөтүлгөнүн казакстандык басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, 2026-жылы Рамазан айы 19-февралда башталып, Кадыр түн 16-марттан 17-мартка караган түнгө туура келет. Ал эми Орозо айт майрамы 20-мартка туш келип, бул күн 21-марттагы Нооруз майрамына жакын убакытка туура келиши күтүлүүдө. Бул жагдайда эки майрам бир күндө белгилениши мүмкүн.
Ошондой эле, 2026-жылдагы Курман айт 27–29-май күндөрүнө белгиленген.
Календарда белгиленгендей, хижра айлары эл аралык астрономиялык борборлордун маалыматына таянып эсептелет. Бирок фатва адистери айдын көрүнүшүнө жараша майрамдар бир күнгө жылып кетиши мүмкүн экенин эскертишкен.
Бул маалымат боюнча Кыргызстандын мусулмандар дин башкармалыгы азырынча расмий билдирүү тарата элек.