Баткен облусунда 29 миллион сомдук жүк менен аткезчилер тобу кармалды
11.11.25 | 11:43
Баткен облусунда атайын кызматтар 29 миллион сомдук контрабандалык жүк менен трансчегаралык кылмыштуу топтун мүчөлөрүн кармашты.
Маалыматка ылайык, алар Тажикстанга тиричилик техникасын жана башка товарларды мыйзамсыз жол менен алып өтүү схемасын түзгөн.
Жалпы 12 адам кармалып, алардын бири Кытай жараны, калгандары кыргызстандыктар экендиги белгилүү болду. Бардык шектүүлөр УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Редактор
Редактор
Поделиться: