Жарнама

Салык кызматы 2025-жылдын 10 айында планды ашыгы менен аткарды

11.11.25 | 12:00
Салык кызматы 2025-жылдын 10 айында планды ашыгы менен аткарды КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Мамлекеттик салык кызматы январь–октябрь айларында белгиленген планды ашыгы менен аткарды. Бул тууралуу Салык кызматынын төрагасынын орун басары Мирлан Рахманов "Биринчи радиого" берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, он айдын ичинде 310,4 миллиард сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү жыйналган. План 104,3 пайызга аткарылып, кошумча 12,7 миллиард сом түшкөн. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу кирешелер 73,2 миллиард сомго көп, өсүү ыргагы 130,9 пайызды түздү.

Рахманов белгилегендей, бул жыйынтыктар салык жүгүн көбөйтүү эмес, салык төлөөчүлөрдүн базасын кеңейтүү, санариптештирүү жана ыктыярдуу төлөө маданиятынын жогорулашы аркылуу камсыз болгон.

Мындан тышкары социалдык камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча да оң динамика байкалууда. 10 ай ичинде 66 миллиард сомдон ашык каражат чогултулуп, бул өткөн жылга салыштырмалуу 6,7 миллиард сомго көп

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча