Париж соту Николя Саркозини абактан бошотту
Париждеги апелляциялык сот 10-ноябрда Франциянын мурдагы президенти Николя Саркозини абактан бошотуп, соттук көзөмөл астында кармоо чечимин чыгарды. Бул тууралуу BFM TV телеканалы кабарлады.
Сот прокуратуранын өтүнүчүн канааттандырып, 70 жаштагы Саркозини үч жума камакта болгондон кийин бошотту. Экс-президент эми бутуна электрондук көзөмөлдөө браслетин тагынып жүрүүгө жана иш боюнча күбөлөр жана айыпталуучулар менен байланышпоого милдеттүү.
Саркози 2024-жылдын сентябрында мыйзамсыз шайлоо кампаниясын каржылоого байланыштуу беш жылга эркинен ажыратылган. Ал жазасын Париждеги “Санте” түрмөсүндө 21-октябрдан бери өтөп жаткан.
Бул окуя менен Саркози Франциянын экинчи дүйнөлүк согуштан кийинки тарыхында түрмөгө түшкөн биринчи экс-президенти болду.
Мурдагы президентке каршы 2007-жылдагы шайлоону Ливия тараптан мыйзамсыз каржылоо алган деп иш да козголгон. Прокуратуранын маалыматына караганда, Ливиянын мурдагы лидери Муаммар Каддафи анын кампаниясына 50 миллион евро бөлгөнү айтылат.