Жарнама

Дэвид Салэй 2025-жылдын Букер адабий сыйлыгынын лауреаты болду

11.11.25 | 13:10
Дэвид Салэй 2025-жылдын Букер адабий сыйлыгынын лауреаты болду КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

2025-жылы Букер адабий сыйлыгынын жеңүүчүсү болуп британ-венгр жазуучусу Дэвид Салэй табылды. Ал бул жогорку наамга "Дене" (Flesh) аттуу романы аркылуу татыктуу болду. Сыйлык тапшыруу аземи Лондондо өтүп, калыстар тобуна белгилүү ирланд драматургу Родди Дойл төрагалык кылды.

Калыстар чыгарманы “кайталангыс” жана “өзгөчө”деп мүнөздөп, анын мазмун тереңдигине жана көркөм тилине өзгөчө көңүл бурушту. Романда башкы каарман — жаш венгр жигити Иштвандын жөнөкөй жашоодон тарта Лондондогу байлар чөйрөсүнө чейин өткөн татаал жолу сүрөттөлөт. Жазуучу бул чыгарма аркылуу заманбап Европадагы маданий жана экономикалык карама-каршылыктарды чагылдырган.

Салэй сыйлыкты алган соң, бул жеңиш — адабияттын коомдогу чыныгы абалдарды айтууга болгон күчүнүн далили экенин белгиледи.

Эске салсак, өткөн жылы Букер сыйлыгы англиялык жазуучу Саманта Харвинин "Орбита" аттуу чыгармасына ыйгарылган болчу.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча