Астанада аскер кызматкерлеринин энелери Коргоо министрлигинен адилет иликтөө талап кылышты
Астанада каза болгон жана жаракат алган аскер кызматкерлеринин энелери Казакстандын Коргоо министрлигинин имаратына келип, министр Даурен Косанов менен жеке жолугушууну жана уулдарынын өлүмү менен жаракаттарынын жагдайларын калыс иликтөөнү талап кылышты.
КазТАГ агенттигинин маалыматына караганда, министрликтин кире беришинде аскердик полиция жана коопсуздук кызматкерлери күзөттө турган. Алдын ала түзүлгөн тизме боюнча сегиз гана аялга кирүүгө уруксат берилген. Аларга телефон алып кирүүгө жана видеого тартууга тыюу салынган. Ошондой эле журналисттерге да жол ачылган эмес.
Энелер бийликтен уулдарынын өлүмү жана жаракат алышы боюнча ишти толук, калыс иликтөөнү талап кылышты.
Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушуу жарандарды кабыл алуу борборунда өткөн. Кабыл алууну Тарбия жана идеологиялык иштер департаментинин башчысы Тлеухан Басхожаев жана Улуттук гвардиянын башкы командачысынын орун басары Кайрат Умбетов жүргүзүшкөн.