Жарнама

Астанада аскер кызматкерлеринин энелери Коргоо министрлигинен адилет иликтөө талап кылышты

11.11.25 | 14:43
Астанада аскер кызматкерлеринин энелери Коргоо министрлигинен адилет иликтөө талап кылышты КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Астанада каза болгон жана жаракат алган аскер кызматкерлеринин энелери Казакстандын Коргоо министрлигинин имаратына келип, министр Даурен Косанов менен жеке жолугушууну жана уулдарынын өлүмү менен жаракаттарынын жагдайларын калыс иликтөөнү талап кылышты.

КазТАГ агенттигинин маалыматына караганда, министрликтин кире беришинде аскердик полиция жана коопсуздук кызматкерлери күзөттө турган. Алдын ала түзүлгөн тизме боюнча сегиз гана аялга кирүүгө уруксат берилген. Аларга телефон алып кирүүгө жана видеого тартууга тыюу салынган. Ошондой эле журналисттерге да жол ачылган эмес.

Энелер бийликтен уулдарынын өлүмү жана жаракат алышы боюнча ишти толук, калыс иликтөөнү талап кылышты.

Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушуу жарандарды кабыл алуу борборунда өткөн. Кабыл алууну Тарбия жана идеологиялык иштер департаментинин башчысы Тлеухан Басхожаев жана Улуттук гвардиянын башкы командачысынын орун басары Кайрат Умбетов жүргүзүшкөн.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча