Жарнама

Кыргызстан уй жана кой эти боюнча өзүн толук камсыздайт

13.11.25 | 10:30
Кыргызстан уй жана кой эти боюнча өзүн толук камсыздайт КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Кыргызстан азыр уй жана кой эти боюнча ички муктаждыгын толук жапкан деңгээлге жетти. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.

Ал эми тоок эти импорттук квота аркылуу камсыздалат — 2025-жылы 58 миң тонна, 2026-жылы 48 миң тонна тоок эти алып келинери күтүлүүдө.

Эттин баасына мамлекеттик жөнгө салуу мөөнөтү 31-декабрга чейин узартылды. Бул чара эт базарындагы баанын кескин өсүшүнө жана алып-сатарлыкка жол бербөө, ошондой эле калктын аялуу катмарын колдоо максатында кабыл алынган.

Министрликтин өкүлү Уран Чекирбаевдин айтымында, азыр уй жана кой этинин орточо баасы 600–700 сомдун тегерегинде. Бааны туруктуу кармоо жана ички рынокто жетиштүү көлөмдө эт камсыздоо үчүн тирүү малдын экспорту убактылуу токтотулган.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча