Жарнама

Энергетика министри: “Мектептерде жарык сабак бүткөн соң гана өчүрүлөт“

13.11.25 | 15:10
Энергетика министри: “Мектептерде жарык сабак бүткөн соң гана өчүрүлөт“ КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Бүгүн, 13-ноябрда Энергетика министри Таалайбек Ибраев билим берүү мекемелериндеги электр энергиясын үнөмдөө боюнча министрлер кабинетинин чечимин аткаруу тартибине токтолду. Министрдин айтымында, окуу жайларда жарыкты өчүрүү сабактар аяктагандан кийин гана жүргүзүлөт.

Маалыматка ылайык, электр энергиясын үнөмдөө боюнча кабыл алынган чечимдин толук аткарылышы талап кылынат. Министр бул тартипти сактабаган жетекчилерге аткаруучулук тартипти бузуу катары баа берилерин, ошондой эле жеке жоопкерчилик жүктөлөрүн белгиледи. Абал министрдин жеке көзөмөлүндө болору кошумчаланды.

Эскерте кетсек, буга чейин УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев мектептерде электр жарыгы кечки саат 19:00гө чейин өчүрүлбөшү керек деген талап койгон. Бул билдирүү коомчулукта кеңири талкуу жараткан.

Министрлик шаар тургундарын жана билим берүү мекемелеринин жетекчилерин расмий эрежелерди так сактоого чакырууда.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча