Жарнама

Бишкекте "Brand house" курулуш компаниясынын жетекчиси алдамчылыкка шектелип кармалды

13.11.25 | 15:22
Бишкекте "Brand house" курулуш компаниясынын жетекчиси алдамчылыкка шектелип кармалды КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Бишкек шаарында алдамчылык фактысы боюнча "Brand house" курулуш компаниясынын башкы директору кармалды. Бул тууралуу Октябрь райондук ички иштер бөлүмү билдирди.

Маалыматка ылайык, 2024-жылдын 25-июнунда "И." турак жай комплексинин үлүшчүлөрү башкы прокурорго жамааттык кайрылуу жолдошкон. Алар Бишкектеги Куйручук көчөсүндө жайгашкан курулуш объектисин бүтүрбөй, акчаны максатсыз пайдаланган жетекчилерге чара көрүүнү суранышкан.

Текшерүүнүн жүрүшүндө 2021–2024-жылдар аралыгында "Хан-Строй" ЖЧКсынын башкы директору Э.Н. мамлекеттик архитектурадан тиешелүү уруксатсыз эле ири суммадагы акча каражаттарын үлүшчүлөрдөн чогултуп, бирок курулушту аягына чыгарбаганы аныкталды.

Аталган факт Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси ("Алдамчылык") боюнча катталып, 1987-жылы туулган Э.Н. шектүү катары кармалды. Учурда тергөө амалдары уланууда.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча