Бишкекте "Brand house" курулуш компаниясынын жетекчиси алдамчылыкка шектелип кармалды
Бишкек шаарында алдамчылык фактысы боюнча "Brand house" курулуш компаниясынын башкы директору кармалды. Бул тууралуу Октябрь райондук ички иштер бөлүмү билдирди.
Маалыматка ылайык, 2024-жылдын 25-июнунда "И." турак жай комплексинин үлүшчүлөрү башкы прокурорго жамааттык кайрылуу жолдошкон. Алар Бишкектеги Куйручук көчөсүндө жайгашкан курулуш объектисин бүтүрбөй, акчаны максатсыз пайдаланган жетекчилерге чара көрүүнү суранышкан.
Текшерүүнүн жүрүшүндө 2021–2024-жылдар аралыгында "Хан-Строй" ЖЧКсынын башкы директору Э.Н. мамлекеттик архитектурадан тиешелүү уруксатсыз эле ири суммадагы акча каражаттарын үлүшчүлөрдөн чогултуп, бирок курулушту аягына чыгарбаганы аныкталды.
Аталган факт Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси ("Алдамчылык") боюнча катталып, 1987-жылы туулган Э.Н. шектүү катары кармалды. Учурда тергөө амалдары уланууда.