Адылбек Касымалиев расмий сапар менен Астана шаарына барды
13.11.25 | 15:43
Бүгүн, 13-ноябрда министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев расмий жумуш сапары менен Казакстандын борбору Астана шаарына барды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады.
Кыргыз делегациясынын учагы “Нурсултан Назарбаев”эл аралык аэропортуна конуп, төраганы Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов жана башка расмий өкүлдөр тосуп алышты. Аэропорт аймагында эки өлкөнүн мамлекеттик туулары илинип, ардактуу кароол тизилди.
Белгилей кетсек, бул сапардын алкагында Адылбек Касымалиев Кыргыз-Казак өкмөттөр аралык кеңешинин тар жана кеңейтилген курамдагы 13-жыйынына катышат. Жыйындын жүрүшүндө эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык жана кызматташтык маселелери талкууланып, бир катар чечимдер кабыл алынары күтүлүүдө.
Редактор
Редактор
Поделиться: