Молдова Кыргызстан жана Тажикстан жарандары үчүн визасыз жүрүү келишимин жокко чыгарат
Молдова өкмөтү 1992-жылы Бишкекте КМШ өлкөлөрү тарабынан кол коюлган визасыз жүрүү келишимин жокко чыгарууга даярданып жатат. Бул чечим Кыргызстан жана Тажикстан жарандарына тиешелүү болот.
Молдованын маалымат каражаттары жазгандай, өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги визасыз жүрүү келишимин денонсациялоо тууралуу документтин долбоорун даярдап, жакынкы күндөрү өкмөттүк жыйында кароо күтүлүүдө. Эгер өкмөт демилгени колдосо, документ акыркы чечим үчүн парламентке жөнөтүлөт.
Министрлик муну Евробиримдиктин мыйзамдарына жана миграциялык саясатына ылайыкташтыруу аракети катары түшүндүрүүдө. Ошону менен бирге, чечим Россия жарандарына тиешеси жок экени айтылды. Анткени Молдова менен Россия ортосунда өзүнчө эки тараптуу визасыз жүрүү келишими бар жана ал азырынча күчүндө калат.
Муну менен визасыз режимдин токтотулушу Кыргызстан жана Тажикстан сыяктуу Молдова менен кошумча келишими жок өлкөлөргө гана тиешелүү болуп калат.