Жарнама

Ошто түнкү убакта жарык өчүрбөгөн мекемелерге карата рейд башталды

14.11.25 | 11:18
Ошто түнкү убакта жарык өчүрбөгөн мекемелерге карата рейд башталды КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

13-ноябрдан тарта Ош шаарында электр энергиясын үнөмдөө жана "Тынчтык жөнүндө" мыйзамдын аткарылышын көзөмөлдөө максатында рейд башталды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Рейд Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевдин жетекчилиги алдында тиешелүү шаардык кызматтардын жана мекеме-ишканалардын жетекчилеринин катышуусунда өттү.

Иш-чаранын алкагында калаа башчысы саат 22:00дөн кийин жарыгын өчүрбөй иштеп жаткан кафе-ресторандарды аныктап, аларды бир айга жабуу боюнча тапшырма берди. Мэр электр энергиясын үнөмдөө ар бир жаран менен ишкердин жоопкерчилиги экенин белгилеп, талаптарды так сактоого чакырды.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча