Жарнама

"Ашкере аткарып..." Өлкө башчысы мэрлердин өткөргөн рейдин сынга алды

14.11.25 | 16:10
"Ашкере аткарып..." Өлкө башчысы мэрлердин өткөргөн рейдин сынга алды КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары
Президент Садыр Жапаров саат 22:00дон кийин кайсыл мекемелер жабыла турганын айтты. Ошондой эле, кечээ 13-ноябрда рейд өткөргөн Ош менен Бишкек шаарынын мэрлери аша чаап кеткенин жазды.

"Урматтуу жетекчилер, айрыкча Бишкек жана Ош шаарынын мэрлери! Электр энергиясын үнөмдөө жана тынчтык мыйзамын камсыздоо максатында тапшырма берсек, силер аны «бөрк ал десе — баш алгандай» ашкере аткарып жиберипсиңер. Биз элдин тынчтыгын бузуп, спирт ичимдиктерин ичип алып ызы-чуу салгандар чогулган түнкү клубдарды, ошондой эле түн бир оокумга чейин созулуп, 200дөн 800гө чейин киши чогулган тойканаларды иреттеп, мыйзамдын чегинде көзөмөлдөөнү тапшырганбыз. Ал эми силер болсо тамактануучу кафелерди, KFC сыяктуу тез татым жайларын да жаап, тынч отурган элди кубалап чыгарууга чейин барыпсыңар. Рейд маалында бизнес ээлерине орой мамиле жасап, жарыгын өчүрүп, суусун токтотууга тапшырма берипсиңер! Мындай кылбагыла, токтоткула андай аша чапканды!
Электр энергиясын үнөмдөөнү - биринчи кезекте «Эмне, мамлекет төлөйт да» деген кайдыгер жеткечилерди, түнү бою жарыгын күйгүзүп таштап кеткен мамлекеттик ишканалардын имараттарын катуу көзөмөлдөгүлө. Ал эми тынч иштеп жаткан кичи жайларга барып, алардын тынчын алчу болбогула!",-деп жазды өлкө башчысы фейсбук баракчасына.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча