Жарнама

Оор жүк ташуучу унааларга көзөмөл күчөтүлдү

17.11.25 | 13:53
Оор жүк ташуучу унааларга көзөмөл күчөтүлдү КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы  өлкө аймагында оор жана кооптуу жүктөрдү ташуучу унаалардын ишин көзөмөлдөөнү күчөткөн профилактикалык иш-чараларды улантууда.

Башкармалыктын маалыматына ылайык, бул аракеттер жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатуу, мыйзам бузууларды алдын алуу жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылууга багытталган.

Анын алкагында ЖКККББ кызматкерлери курулуш материалдарын жана башка оор жүктөрдү ташыган айдоочулар менен жеринде жолугушуп, эрежелерди түшүндүрүштү. Айдоочуларга бир катар талаптарды сактоо эскертилди, анын ичинде:

- жол кыймылынын эрежелерин так сактоо;  

- унаанын техникалык абалын үзгүлтүксүз көзөмөлдөө;  

- жөө жүргүнчүлөргө жана башка унааларга карата этият болуу;  

- унаанын санитардык тазалыгын камсыздоо жана өз учурунда жууп-тазалоо. 

Иш-чаралар өлкө боюнча улантылары айтылды.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча