Ош шаарында үйү жок жарандар үчүн түнкү башпаанек ачылды
17.11.25 | 19:37
Ош шаардык мэриясынын демилгеси менен туруктуу жашаган жери жок жарандарга арналган муниципалдык түнөк жайы ишке кирди. Жаңы ачылган башпаанек 50 адамга ылайыкташкан жана кечкисин бир маал ысык тамак менен камсыздалат.
Түнкү башпаанек Ош шаарынын Атабаев көчөсү, 3а дарегинде жайгашкан. Толук маалымат алуу үчүн төмөнкү номерге кайрылууга болот: +996 558 955 540.
Редактор
Редактор
Поделиться: