Жарнама

Согушту токтотуу жолдору. АКШнын жогорку аскердик делегациясы Киевге барат

19.11.25 | 10:58
Согушту токтотуу жолдору. АКШнын жогорку аскердик делегациясы Киевге барат КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

"АКШ Киевге сейрек кездешүүчү жогорку деңгээлдеги аскердик делегация жөнөтүүдө" деп билдирди Wall Street Journal жана Politico басылмалары.

Маалым болгондой, делегацияга кургактагы аскерлер министри Дэн Дрисколл жетекчилик кылат.

Аны коштоп АКШнын Кургактагы аскерлер штабынын башчысы Рэнди Джордж жана Европадагы америкалык күчтөрдүн командачысы Крис Донахью бара жатышат. Алар Украинадагы фронттогу абалды, согушту токтотуу мүмкүн болгон идеяларды жана өлкөнүн курал-жарак өндүрүшүн талкуулашат. Жыйынтыгы Дональд Трампка жеткирилет.

Дрисколлдун Киевге баруу демилгеси Трамп менен вице-президент Жей Ди Вэнстин сүйлөшүүсүнөн кийин пайда болгону айтылды. Вэнс менен Дрисколл бир кезде Йель университетинде бирге окуган.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча