Кыргызстандык рэпер Bakr Москванын аэропортунда күтүүсүз жагдайга кабылды
Белгилүү кыргызстандык рэпер Bakr концерттик туру өтө турган Орусияга кире албай калганын социалдык тармактагы баракчасында билдирди. Анын айтымында, 17-ноябрда таңкы 07:45те командасы менен Москвадагы Шереметьево аэропортуна учуп барганда, паспорттук көзөмөлдөн анын командасы толугу менен өтүп, бирок анын өзүн эч себепсиз кармашкан.
Bakr’ды документтерин алып коюп, түшүндүрмө бербей үч саатка жакын күттүрүшкөн. Андан кийин ага Орусияга кирүүгө тыюу салынганы айтылган. Себеби түшүндүрүлгөн эмес. Рэперди күтүү бөлмөсүнө жайгаштырышып, ал ошол жерде саат 10:00дөн 21:00гө чейин өткөргөн. Бул убакыт аралыгында ал Бишкекке кайтуу үчүн учакка билет сатып алган.
Бишкекке келген соң ага "кирүүгө уруксат жок" деген негиз менен расмий баш тартуу кагазы берилген. Bakr азыр юристтер менен кеңешип, мындан аркы мыйзамдык аракеттерди даярдап жатканын белгиледи. Ошондой эле ал пландары үзгүлтүккө учураганын угармандарынан кечирим сурап, кырдаал тууралуу маалымат берүүнү убада кылды.