Жарнама

Кыргызстан энергетикада дефицитсиз кышты өткөрөт — министр Ибраев

19.11.25 | 13:21
Кыргызстан энергетикада дефицитсиз кышты өткөрөт — министр Ибраев КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Энергетика министри Таалайбек Ибраев Кыргызстанда энергетикалык таңкыстык болбой турганын билдирди. Бул тууралуу министр өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, быйыл жылдагыдай эле электр энергиясы кошуна өлкөлөрдөн кышкысын 3 сомдон импорт алынып келип, элге 1 сом 37 тыйындан берилип жатат.

"Ортодогу айырма кайра эле НЭСКтин моюнуна карыз болуп үйүлүп жатат. Ошондуктан президентибиз "Импортту болушунча азайткыла, энергияны үнөмдөп колдонгула, эмдиги жылы калган 25 миллиард сом карыздан кутулгула" деп тапшырма койгон. 2028-2029-жылдары кышта импорт албай калабыз деп пландап жатабыз", - деп жазган ал.

Ошондой эле ал кийинки жылы өлкө карыздан толук кутулуп, кирешеге чыга баштай турганын кошумчалаган.


Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча