Кыргызстандын экономикалык потенциалы талкууланууда
19.11.25 | 14:41
Бүгүн, 19-ноябрда, Бишкекте Борбор Азия регионалдык экономикалык кызматташтыгынын бизнес-форумунун экинчи күнү өтүүдө. Иш-чаранын негизги темасы — Кыргызстандын регионалдык потенциалын өнүктүрүү экендигин Экономика министрлигинин маалымат кызматы билдирди. .
Сессияны министр Бакыт Сыдыков модерациялап, негизги баяндаманы жасады. Анда 2022–2024- жылдар аралыгындагы экономикалык динамика баяндалды.
- Экономиканын өсүшү — жылына орто эсеп менен 9 пайыз;
- ИДП: 1 020,7 миллиард → 1 523,2 миллирад сом;
- Тармактардагы өсүш: өнөр жай — 7 пайыз, айыл чарба — 5 пайыз, курулуш — 16 пайыз, кызмат көрсөтүү — 8 пайыз;
- Жалпы инвестициялар — 23 млрд доллар, анын ичинде 3,7 млрд доллар түз ЧӨИ.
2030-жылга чейинки Улуттук өнүктүрүү программасынын приоритеттери:
- Жылдык ИДП өсүшү — кеминде 8 пайыз;
- Экономика көлөмү — 30 миллирад доллар;
- Киши башына ИДП — 4500 доллар;
- Адам капиталын өнүктүрүү, билим берүү жана саламаттыкты түп-тамырынан жакшыртуу;
- МШИ колдоо, жумушсуздукту 5 пайызга чейин кыскартуу.
Өнүгүүнүн 4 вектору:
- Индустриализация;
- Айыл чарба жана туризм;
- Регионалдык хаб;
- Жашыл энергетика.
Редактор
Редактор
Поделиться: