Кумтөрдүн 10 айдагы жалпы кирешеси 80 миллиард сомго жетти
19.11.25 | 15:11
2025-жылдын 10 айында «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун өндүрүштүк ишмердүүлүгүнөн түшкөн жалпы кирешеси план боюнча 55 миллирад 127 миллион сом болсо, иш жүзүндө 80 миллирад сомду түздү.
Ал эми 10 айдагы ишкананын таза кирешеси план боюнча 13 миллирад 373 миллион сом болсо, иш жүзүндө 36 миллирад 900 миллион сомго жетти.
Кыргыз Республикасынын бюджетине салыктар жана милдеттүү төлөмдөрдүн көлөмү план боюнча 14 миллирад 43 миллион сом болсо, иш жүзүндө 16 миллирад 272 миллион сомго жетти.
2024-жылдын жыйынтыгы боюнча 2025-жылы дивиденд түрүндө 12 миллирад 900 миллион сом төлөө пландалса, иш жүзүндө 13 миллирад 49 миллион сом которулду.
Редактор
Редактор
Поделиться: