Нарын шаарына көмүр ташуу уланууда, баага көзөмөл күчөтүлгөн
19.11.25 | 17:40
Нарын шаарына Кара-Кече жана Турук көмүр кендеринен көмүр ташуу иштери уланууда. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, көмүр учурда шаар ичиндеги бир нече аймакта сатылып жатат. Атап айтканда, эт комбинатынын короосунда, РТС аймагындагы «Айылтехсервис» ишканасынын короосунда жайгашкан муниципалдык көмүр базаларында жана жеке ишкерлер аркылуу жалпы 6 аймакта сатык жүрүүдө.
Көмүрдүн бир тоннасы 5500 сом болуп белгиленген. Мэрия көмүрдүн баасына көзөмөл жүргүзүп жатканын, бааны жогорулатууга жол берилбей турганын баса белгиледи.
Шаар жетекчилиги жарандарды көмүрдү расмий сатык жайларынан алууга жана шектүү соодагерлерден качууга чакырат.
Редактор
Редактор
Поделиться: