Жарнама

Бишкекте онлайн интим кызматтарын уюштурган топтин иши токтотулду

20.11.25 | 15:45
Бишкекте онлайн интим кызматтарын уюштурган топтин иши токтотулду КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Бишкек шаарында интим кызматын көрсөткөн жашыруун топтун ишмердүүлүгү токтотулду. Бул тууралуу Бишкек ШИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, алар WhatsApp мессенжериндеги тайпалар аркылуу иш алып барышкан. Тайпага кошулуу үчүн алдын ала төлөм жүргүзүлүп, жашыруундукту сактоо үчүн атайын сөздөр жана "жоголуп кетүүчү билдирүүлөр" функциясы колдонулган.

"Бишкектеги мейманканаларда 300дөн 1000 долларга чейин бааланган интимдик кызматтарды көрсөтүшкөн. Буюртма түшкөндөн кийин менеджерлер кардарларга кыздардын сүрөттөрүн жөнөтүп, макулдук алган соң көрсөтүлгөн дарекке жеткиришкен. Тайпанын түзүүчүсү жана ээси чет өлкөдө жашаган",- деп билдирди ИИМ.

Милициянын ыкчам иш-аракетинин негизинде аталган топко кызмат көрсөткөн 2003-жылы туулган А.А., 2003-жылы туулган К.Н., 1997-жылы туулган И.К., жана 2001-жылы туулган Ш.С. аттуу жарандар кармалып, тергөө кызматына жеткирилди.

Ал эми Ш.С. аттуу жарандын үстүнөн Кылмыш-жаза кодексинин 160-беренесине ылайык айып салынып, анын үй-бүлөлүк жагдайлары эске алынып, сот тарабынан үй камагына алуу түрүндөгү бөгөт чарасы тандалды.


Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча