Президент Садыр Жапаров: "Кытайлар басып келди" деген түшүнүктөн алыс болушубуз керек
Бишкекте "Алтай" шаарчасынын курулушуна расмий түрдө старт берилгенден кийин президент Садыр Жапаров эл менен жолугушуп, ири инфраструктуралык долбоорлор тууралуу пикирин билдирди.
Мамлекет башчысы кытай жарандарынын өлкөгө келишин туура түшүнүүгө чакырып, алардын максаты — инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу экенин белгиледи.
“Кокуй эле кокуй, кытайлар басып кетти” дешет. Алар басып алайын деп келишкен жок. Заводдорду, жолдорду, темир жолдорду куруп жатышат. Бизге ал нерселер керек да. Өмүр бою үңкүрдө жашагандай жашай берелиби? Темир жол бүткөндөн кийин дүйнөгө чыгабыз. Биз анан дүйнөлүк экономикага таасир эте баштасак болот. Туура түшүнөлү. Ошону жаштарга айткыла!” — деди Жапаров.
Президент ошондой эле темир жол жана башка маанилүү инфраструктуралар Кыргызстанды дүйнөлүк соода жолдоруна кошуп, экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө шарт түзөрүн кошумчалады.