Жарнама

Вьетнамда сел жана жер көчкү: 26 адам каза болду, 9 адам дайынсыз

21.11.25 | 11:11
Вьетнамда сел жана жер көчкү: 26 адам каза болду, 9 адам дайынсыз КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Вьетнамдын борбордук аймагында 16-20-ноябрь аралыгында нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен болгон сел жана жер көчкүлөр 26 адамдын өмүрүн алды, дагы 9 адам дайынсыз жоголгон. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазышты.

Эң оор кырдаал Даклак жана Кханьхоа провинцияларында катталып, ар биринде 11ден адам көз жумганы кабарланууда. Ошондой эле, Данангда жана Зялайда 1ден, Хьюэ шаарында 2 адам каза болгон.

Суу ташкындары 43 миңден ашуун турак жайды каптап, тургундарды эвакуациялоого туура келди. Өзгөчө Куангчи, Дананг, Куангнгай, Зялай жана Ламдонг провинцияларында абал оор бойдон калууда. 

Жергиликтүү бийлик узакка созулган жаан-чачын улам кооптуу абал сакталууда деп, сел жана жер көчкү коркунучу дагы эле жогору экенин эскертүүдө. Куткаруу жана тазалоо иштери улантылууда.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча