Жарнама

Бишкекте ЖККУ жыйыны маалында милиция күчөтүлгөн тартипте иштейт

24.11.25 | 12:25
Бишкекте ЖККУ жыйыны маалында милиция күчөтүлгөн тартипте иштейт КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Бишкекте өтүп жаткан Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясына байланыштуу милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөшүүдө. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ички иштер органдары коомдук тартипти сактоо, укук бузуулардын алдын алуу, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо жана өзгөчө кырдаалдарга ыкчам чара көрүү максатында күчөтүлгөн режимде иш алып барууда.

Жыйын учурунда транспорттук басымды азайтуу үчүн мектептер жана жогорку окуу жайлар убактылуу онлайн окутууга өттү.

Жалпысынан Бишкек жана Чүй гарнизонунун 4000ден ашык кызматкери коопсуздукту камсыздоого тартылды.

ИИМ жарандардан милиция кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарына түшүнүү менен мамиле кылууну жана коомдук тартипти сактоону өтүнөт.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча