Жарнама

Бишкекте 25-ноябрда айрым көчөлөрдө таза суу убактылуу өчүрүлөт

24.11.25 | 13:57
Бишкекте 25-ноябрда айрым көчөлөрдө таза суу убактылуу өчүрүлөт КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Бишкек шаарынын айрым аймактарында эртең, 25-ноябрда, саат 9:00дөн 17:00гө чейин убактылуу таза суу берүү токтотулат. Бул тууралуу шаар мэриясы билдирди.

Маалыматка ылайык, суу берүү төмөнкү көчөлөр чектелген аймакта токтотулат:

- Баялинов көчөсү,  

- Логвиненко көчөсү,  

- Донской көчөсү,  

- Орозбеков көчөсүнөн Жибек Жолу проспектисине чейинки тилке.

Суу өчүрүү Логвиненко көчөсүндөгү суу түтүгүндөгү авариялык оңдоо иштерине байланыштуу жүргүзүлөт.

«Бишкексууканал» ишканасы жаралган ыңгайсыздык үчүн кечирим сурап, шаар тургундарын жана уюмдарды ичүүчү сууну алдын ала камдап алууга чакырат.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча