Жарнама

Кыргызстанда 8 миңден ашуун бош жумуш оруну бар

24.11.25 | 18:45
Кыргызстанда 8 миңден ашуун бош жумуш оруну бар КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына ылайык, 2025-жылдын 1-ноябрына карата өлкө боюнча *8136 бош жумуш орду* бар. Эң көп талап жумушчу адистиктерге коюлууда.

Расмий жумушсуздук деңгээли 1,4 пайызды түзөт. Иш менен камсыз кылуу кызматтарында каттоодо турган жумушсуздардын саны 59,6 миң адам, анын ичинен 40,9 миңи расмий жумушсуз катары катталган.

Жыл башынан бери:

- 117 миңден ашуун жаран жумушка орношуу үчүн кайрылган;

- 13 274 адам жумушка орноштурулду.

Ошондой эле, эмгек рыногунда суроо-талап жогору болгон кесиптер боюнча атайын окутуулар уюштурулду. Алар:  

компьютердик оператор, соода агенти, ашпозчу, чачтарач, тырмак тазалоочу, визажист, косметолог, бухгалтер (1С программасы), тигүүчү, электрогаз ширетүүчү жана сантехник-слесарь.

Максат – жумушсуздардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча