Кыргызстанда 8 миңден ашуун бош жумуш оруну бар
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына ылайык, 2025-жылдын 1-ноябрына карата өлкө боюнча *8136 бош жумуш орду* бар. Эң көп талап жумушчу адистиктерге коюлууда.
Расмий жумушсуздук деңгээли 1,4 пайызды түзөт. Иш менен камсыз кылуу кызматтарында каттоодо турган жумушсуздардын саны 59,6 миң адам, анын ичинен 40,9 миңи расмий жумушсуз катары катталган.
Жыл башынан бери:
- 117 миңден ашуун жаран жумушка орношуу үчүн кайрылган;
- 13 274 адам жумушка орноштурулду.
Ошондой эле, эмгек рыногунда суроо-талап жогору болгон кесиптер боюнча атайын окутуулар уюштурулду. Алар:
компьютердик оператор, соода агенти, ашпозчу, чачтарач, тырмак тазалоочу, визажист, косметолог, бухгалтер (1С программасы), тигүүчү, электрогаз ширетүүчү жана сантехник-слесарь.
Максат – жумушсуздардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу.