Жарнама

Баткенде “Достук” стелласынын айланасын жашылдандыруу жана туристтик аймакка айлантуу пландалууда

25.11.25 | 10:32
Баткенде “Достук” стелласынын айланасын жашылдандыруу жана туристтик аймакка айлантуу пландалууда КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстан мамлекеттеринин чек арасы кесилишкен аймакта жайгашкан “Достук” стелласынын айланасын жашылдандыруу маселеси боюнча жыйын өттү. Бул тууралуу Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү кабарлады.

Жыйынга облустун башчысынын биринчи орун басары Бактыбек Токсонбаев жетекчилик кылып, бир катар маанилүү тапшырмаларды берди. Анын ичинде аймакка электр энергиясын тартуу, сугат суу чыгаруу, жол куруу, бак-дарактардын көчөттөрүн отургузуу иштерин уюштуруу маселелери каралды.

Мындан тышкары, аталган аймакты келечекте эс алуучу туристтик жайга айлантуу боюнча пландар да айтылып, тиешелүү мекеме-ишканаларга так багыттар берилди. Иш-аракеттер “Достук” символун жашылданган, кооз жана коопсуз аймак катары өнүктүрүүгө багытталууда.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча