Израилдин аба соккусунан "Хезболла" тобунун жогорку командири мерт болду
Израил аба күчтөрү Бейрут шаарынын түштүк четиндеги райондордун бирине сокку урду. Натыйжада, Ливандын аймагында жайгашкан "Хезболла" кыймылынын жогорку даражалуу колбашчысы Али Табатабаи көз жумганын Израил тарап жана "Хезболла" өзү да ырасташты. Бул тууралуу дүйнөлүк маалымат каражаттары, анын ичинде Reuters агенттиги жазып чыкты.
Израил армиясы билдиргендей, Табатабаи "Хезболланын" Израилге каршы багытталган операцияларын жетектеп, уюмдун согуштук даярдыктарын башкарган.
“Биз ‘Хезболла’ уюмунун жогорку командирине атайын сокку урдук. Бул уюмдун Израилге зыянын тийгизүү мүмкүнчүлүгүн чектөөгө багытталган”,* – деп айтылат Израилдин расмий билдирүүсүндө.
Жабыркагандар бар.
Ливандын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, аба соккусунун кесепетинен 5 адам каза болуп, 28 киши ар кандай жаракаттарды алышкан.
Бул окуя Израил менен "Хезболла" ортосундагы чыңалууну кайрадан күчөттү. Эске салсак, бир жыл мурун тараптар АКШнын ортомчулугу менен ок атууну токтотуу боюнча келишимге жетишкен эле.