Дональд Трамп: "Мадуро менен жолугушууга даярмын"
АКШ президенти Дональд Трамп Венесуэла президенти Николас Мадуро менен жолугушууга даяр экенин билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Трамптын айтымында, сүйлөшүү үчүн эшик ачык жана ал маселени "жеңил жол менен" чечүүгө артыкчылык берерин белгилеген. "Эгер маселени жеңил жол менен чече алсак — бул мыкты, бирок кыйын жол менен чечүүгө туура келсе да айырмасы жок", — деди ал.
Белгилүү болгондой, АКШ буга чейин Мадурону жана Венесуэланын жогорку жетекчилерин Cartel de los Soles деп аталган маңзат тобу менен байланышы бар деп, Чет элдик террордук уюмдар тизмесине киргизген. Журналисттер Трамптан мындай айыптоолорго карабастан эмне үчүн Мадуро менен жолугушууну каалаганын сурашканда, ал: "Эгер өмүр сактап калууга жардам берсе, бул кадам туура болот", — деп жооп берген.
Венесуэла АКШнын бул кадамын "мамлекетке кийлигишүү аракети" катары баалап, өзүнүн коргонуу мүмкүнчүлүктөрүн чыңдоодо. Президент Мадуро өлкөдө 4,5 миллион элдик милиция мобилизацияланып, мүмкүн болгон чабуулга даяр экенин жарыялады.
Ошол эле учурда, АКШ Латын Америка багытына USS Gerald R. Ford учак ташуучу аскердик кемесин жөнөткөн. Бул кадам аймактагы чыңалууну күчөтүшү мүмкүн.