Жарнама

Ысык-Атада 26,43 гектар жер тилкеси мамлекеттин балансына кайтарылды

26.11.25 | 17:21
Ысык-Атада 26,43 гектар жер тилкеси мамлекеттин балансына кайтарылды КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин маалыматына караганда, Ысык-Ата районунда жалпы аянты 26,43 гектар жер тилкелери мамлекеттин балансына кайтарылды.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, бул иш Камчы Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобун каржылоо максатында бизнес өкүлдөрүнөн акча каражатын опузалап алуу фактыларын аныктоо учурунда жүргүзүлгөн. Бул фактылар уюшкан кылмыштуу топтордун ишмердүүлүгүн каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди адалдоо боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында табылган.

Жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын жыйынтыгында Ак-Кудук айыл аймагында жана Кант шаарында жайгашкан жер тилкелери мамлекеттин балансына кайтарылды.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча