Жарнама

Индонезияда сел жана жер көчкү: 10 адам каза болду, 6сы дайынсыз

26.11.25 | 17:34
Индонезияда сел жана жер көчкү: 10 адам каза болду, 6сы дайынсыз КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Индонезиянын Суматра аралында катуу жааган жамгырдан улам сел жана жер көчкү болуп, 10 адам каза тапты, дагы 6 адам дайынсыз болуп жатат. Бул тууралуу Associated Press агенттиги кабарлады.

Дарыялардын ташуусунан агын сулар 470 үйдү каптап, болжол менен 2 миңге жакын үй жана имарат суу алдында калды. Эң көп жабыркаган аймактардын бири Сиболга шаары болуп, бул жерде 5 адам каза болуп, 3өө жаракат алган, төрт дайынсыз адамды издөө иштери улантылып жатат. Борбордук Тапанулиде болсо 4 адам каза болгон.

Полиция башчысы Эдди Инганта Сиболгада жабыркагандар үчүн убактылуу жайгаштыруу борборлору ачылганын маалымдады. Бийлик жаңы жер көчкү коркунучу бар экенин эскертип, кооптуу аймактардагы тургундарды дароо эвакуацияланууга чакырууда.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча