2026-жылкы кышкы Олимпиаданын оту Грецияда жагылды
Грецияда 2026-жылы Италияда өтө турган кышкы Олимпиада оюндарынын расмий оту жагылды. Иш-чара салтанаттуу шартта өтүп, ага Грециянын президенти Константинос Тасулас, Олимпиада жана Паралимпиада оюндарын уюштуруу комитетинин башчысы Жованни Малаго жана Уюмдун ардактуу президенти Томас Бах катышты.
Маалыматка ылайык, Олимпиада оту эми 10 миңден ашуун спортчунун колунан өтүп, 63 күндүн ичинде 12 миң чакырымды басып, Греция аркылуу Италияга жеткирилет. Эстафета жол-жобосу боюнча от ар кайсы шаарларды кыдырып, Олимпиада духун таратууда маанилүү роль ойнойт.
Белгилей кетсек, салттуу майрамдоо аба ырайына байланыштуу стадиондон археологиялык музейге көчүрүлгөн. Олимпиаданын оту 2026-жылдын 6-февралында Миландагы башкы Олимпиада стадионунда жыйынтыкталмакчы.