Жарнама

2026-жылкы кышкы Олимпиаданын оту Грецияда жагылды

27.11.25 | 10:52
2026-жылкы кышкы Олимпиаданын оту Грецияда жагылды КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Грецияда 2026-жылы Италияда өтө турган кышкы Олимпиада оюндарынын расмий оту жагылды. Иш-чара салтанаттуу шартта өтүп, ага Грециянын президенти Константинос Тасулас, Олимпиада жана Паралимпиада оюндарын уюштуруу комитетинин башчысы Жованни Малаго жана Уюмдун ардактуу президенти Томас Бах катышты.

Маалыматка ылайык, Олимпиада оту эми 10 миңден ашуун спортчунун колунан өтүп, 63 күндүн ичинде 12 миң чакырымды басып, Греция аркылуу Италияга жеткирилет. Эстафета жол-жобосу боюнча от ар кайсы шаарларды кыдырып, Олимпиада духун таратууда маанилүү роль ойнойт.

Белгилей кетсек, салттуу майрамдоо аба ырайына байланыштуу стадиондон археологиялык музейге көчүрүлгөн. Олимпиаданын оту 2026-жылдын 6-февралында Миландагы башкы Олимпиада стадионунда жыйынтыкталмакчы.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча