Жарнама

Криштиану Роналду менен Жоржина Родригес 2026-жылы баш кошушат

27.11.25 | 16:18
Криштиану Роналду менен Жоржина Родригес 2026-жылы баш кошушат КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Португалиялык футбол жылдызы Криштиану Роналду жана анын сүйүктүүсү Жоржина Родригес 2026-жылы жайында Мадейра аралында нике кыйышат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, үйлөнүү аземи Португалияга караштуу Мадейра аралындагы Фуншал шаарында өтүп, салтанат люкс мейманканалардын биринде уланат. Жубайлар үлпөт тоюн 2026-жылы 11-июндан 19-июлга чейин өтө турган Дүйнөлүк чемпиондуктан кийин белгилөөнү пландашууда.

Буга чейин, тактап айтканда август айында Жоржина Родригес өзүнүн Instagram баракчасында Роналдуга турмушка чыга турганын жарыялаган болчу. Түгөйлөр 2016-жылдан бери мамиледе болуп, бирге эки бала тарбиялап келишет.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча