Орусияда кыргызстандык мигранттардын маселеси эки тараптуу талкууланат — Песков
Орусияда жүргөн кыргызстандык мигранттардын абалын жакшыртуу маселеси эки тараптуу форматта каралат. Бул тууралуу 27-ноябрда Орусия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.
Анын айтымында, ЕАЭБдин алкагында кыргыз жарандарынын жашоосун мыйзамдаштыруу үчүн зарыл болгон бардык кадамдар көрүлүүдө.
“Башкысы – мигранттарга мыйзам талаптарын аткарууга ыңгайлуу шарт түзүү. Албетте, кошумча иш алып барууга муктаж маселелер бар. Азырынча толук каттоодон өтпөгөн он миңдеген адамдар бар. Бирок көйгөйдү чоңойтуп көрсөтүүнүн кажети жок. Эки тарап мындан ары да биргелешип иштешет",– деди Песков.
Белгилей кетсек, буга чейин Кыргызстан тарап мигранттардын реестрге түшүүсүн азайтуу жана каттоо тартибин жеңилдетүү маселесин көтөргөн.