Бишкекте таштанды завод ишке кирди: Экологиялык көйгөйдү чечүү багытындагы маанилүү кадам
Бишкек шаарында таштандыларды кайра иштетүүчү завод ишке кирди. Бул тууралуу Президенттин маалымат саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Анын айтымында, бул экологиялык объекттин курулушу өлкө башчысынын тапшырмасы менен ишке ашкан. Завод расмий түрдө жакынкы күндөрү ачылмакчы.
"Бишкек шаарындагы таштанды полигону ондогон жылдар бою шаардын айлана-чөйрөсүнө зыян алып келип жаткан. Күйүп-түтөгөн таштандылар, желим баштыктар талааларга тарап, бул жер карга-кузгундун уюгуна айланып калган болчу", — деп белгилейт Орунбеков.
Жаңы заводдун мүмкүнчүлүктөрү:
- Күнүнө 1200 тонна таштанды кайра иштетилет;
- 30 МВт электр энергиясы өндүрүлөт;
- Күйгүзүлгөн таштандылардан калган күлдөн курулуш материалдары жасалат.
Заводдун ишке кириши менен экологиялык зыян азайып, таштанды маселеси толугу менен чечилери күтүлүүдө. Бул өлкөдө таштандыларды башкаруу жана энергия өндүрүү багытында жасалган чоң кадам.
Орунбеков мындай заводдор башка ири шаарларда дагы курула турганын кошумчалады.