Жарнама

Бишкектеги таштанды заводу электр энергиясын өндүрө баштады

28.11.25 | 10:44
Бишкектеги таштанды заводу электр энергиясын өндүрө баштады КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Бишкекте курулушу аяктап, ишке кирген таштандыларды кайра иштетүүчү завод толук кубаттуулукта иштеп баштаганы турат. Учурда завод 3,5 МВт кубаттуулуктагы электр энергиясын өндүрүп, ал энергия электр тармактарына кошулду. Бүгүн кечке чейин 18 МВтка жетери күтүлүүдө. Завод толук ишке киргенде суткасына 30 МВт электр энергиясын өндүрүп, калкты энергия менен камсыздоого кызмат кылат.

Бул завод  Бишкек шаарындагы экологиялык көйгөйдү чечүү багытындагы ири долбоор. 50 жылдан ашык түтөп турган таштанды полигонунун ордуна заманбап ишкана курулуп, таштандылар эми өрттөлүп жок кылынууда. Ал гана эмес, күйгүзүлгөн таштандылардын калдыгынан курулуш материалдары да чыгарылмакчы.

Бишкекте күнүнө орточо эсеп менен 1000 тонна таштанды чогулса, завод бул көрсөткүчтөн да жогору — 1200 тонна таштандыны кайра иштете алат.

Бул демилге таштанды көйгөйүн чечип гана тим болбостон, энергетикалык жана өнөр жай потенциалын да арттырат.

https://www.facebook.com/share/r/1AAQCMoN4Y/?mibextid=wwXIfr

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча