A2 роботу дүйнөдөгү эң чыдамкай робот деп табылды
Кытайда өндүрүлгөн AgiBot A2 роботу дүйнө жүзү боюнча эң чыдамкай робот катары таанылып, Гиннесстин рекорддор китебине кирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар кабарлашты.
Маалыматка ылайык, AgiBot A2 толугу менен автономдуу режимде 106,2 чакырым аралыкты басып өтүп, 130 миңден ашуун кадам жасаган. Робот ар кандай шарттагы – шаар ичиндеги көчөлөр, улуттук жана провинциялык жолдор, ошондой эле кооз аймактар аркылуу кыймылдаган.
Рекорддук жүрүш маалында роботко операторлор тараптан эч кандай кийлигишүү болгон эмес. Ал жолун сенсорлор жана өзүнчө навигация системасы аркылуу таап, багытын так аныктап турган.
Өндүрүүчү AgiBot компаниясы билдиргендей, 2025-жылы бизнеске багытталган 1000ден ашуун A2 робот чыгарылган. Алар товар жеткирүү, сорттоо жана логистикалык тапшырмаларды аткарууга жөндөмдүү.
Бул жетишкендик робот техникасындагы жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып, автономдуу системаларга болгон ишенимди бекемдейт.