Жарнама

A2 роботу дүйнөдөгү эң чыдамкай робот деп табылды

28.11.25 | 14:59
A2 роботу дүйнөдөгү эң чыдамкай робот деп табылды КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Кытайда өндүрүлгөн AgiBot A2 роботу дүйнө жүзү боюнча эң чыдамкай робот катары таанылып, Гиннесстин рекорддор китебине кирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар кабарлашты.

Маалыматка ылайык, AgiBot A2 толугу менен автономдуу режимде 106,2 чакырым аралыкты басып өтүп, 130 миңден ашуун кадам жасаган. Робот ар кандай шарттагы – шаар ичиндеги көчөлөр, улуттук жана провинциялык жолдор, ошондой эле кооз аймактар аркылуу кыймылдаган.

Рекорддук жүрүш маалында роботко операторлор тараптан эч кандай кийлигишүү болгон эмес. Ал жолун сенсорлор жана өзүнчө навигация системасы аркылуу таап, багытын так аныктап турган.

Өндүрүүчү AgiBot компаниясы билдиргендей, 2025-жылы бизнеске багытталган 1000ден ашуун A2 робот чыгарылган. Алар товар жеткирүү, сорттоо жана логистикалык тапшырмаларды аткарууга жөндөмдүү.

Бул жетишкендик робот техникасындагы жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып, автономдуу системаларга болгон ишенимди бекемдейт.

Редктор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча